# КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 138 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 138 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203378>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4416/edition/719892/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203378.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 138 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203378

---

КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 26-июлу № 138 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203378/st-1)

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 9. 331-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

### [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203378/st-15)

төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын: "1-1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети юридикалык жактар тарабынан мамлекеттик кепилдиксиз алынган чет өлкө насыялары жана займдары жана аларга теңештирилген милдеттенмелери боюнча карыздарды статистикалык эсепке алууну жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы юридикалык жактар тарабынан мамлекеттик кепилдиксиз алынган насыяларды жана займдарды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети бекиткен формага ылайык каттоону жүзөгө ашырат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203378/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
