# 9-берене. Тараптардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203377)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 137 "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4415/edition/954099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203377/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө, 9-берене (20.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-9

---

1. Имараттын менчик ээси төмөнкүлөргө:

1) имараттын энергетикалык сертификатын жана буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө так маалыматы менен отчетту алууга укуктуу;

2) ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген башка укуктарга.

2. Сертификат алган адис төмөнкүлөргө:

1) имаратка берилген долбоордук-техникалык документтерди алууга укуктуу;

2) имараттарга жана анын техникалык системаларына көз салып текшерүү жүргүзүүгө;

3) ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген башка укуктарга.

3. Имараттын менчик ээси имараттардын энергетикалык сертификациясын жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо жүргүзүүдө сертификат алган адиске көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

4. Жаңыдан курулган жана энергетикалык кайра жаңылоодон өткөн имараттардын менчик ээлери алардын энергетикалык натыйжалуулугунун белгиленген минималдуу талаптарга ылайык келишин, ошондой эле энергетикалык маркировкалоону (энергетикалык классынын көрсөткүчүн) жайгаштырууну камсыз кылууга милдеттүү.

5. Имараттын менчик ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) энергетикалык сертификатты жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетту бардык колдонуу мөөнөтүнүн аралыгында сактоого;

2) имаратты сатууда имараттын анык энергетикалык сертификатын жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетту жаңы менчик ээсине берүүгө;

3) имаратты ижарага берүүдө энергетикалык сертификаттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетту ижарачыга берүүгө.

6. Сертификат алган адис төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) имараттардын менчик ээлерине имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча техникалык жана экономикалык маалымат берүүгө;

2) иштин ар бир түрүнө (имараттардын энергетикалык сертификациялары, буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо) тиешелүү кесипкөйлүк сертификатка ээ болууга;

3) толтурулган энергетикалык сертификаттарды жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетту архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүүгө.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-10)
