# 6-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы мамлекеттик органдардын иши

- Документ: [Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203377)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 137 "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2019 года № 74 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об энергетической эффективности зданий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111921)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.06.2019 [Закон КР от 20 июня 2019 года № 74 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об энергетической эффективности зданий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111921); 18.10.2013 [Закон КР 18 октября 2013 года № 194 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об энергетической эффективности зданий"](https://aqlex.ai/kg/doc/205057)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203377#diff=954100..954101>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4415/edition/954099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203377/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө, 6-берене (20.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-6

---

1. (КР 2013-жылдын 18-октябрындагы N 194 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу отун-энергетика комплексинде бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуу жана ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Отун энергетика комплексинде бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуу жана ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча максаттуу программаларды иштеп чыгуу;

2) имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана (же) буу казандарынын, жылытуучу жана ысык суу менен жабдуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча аткарылган иштердин сапаты үчүн мониторингди жүзөгө ашыруу;

3) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы мыйзамдардын аткарылышына мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруу.

4. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

2) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн жана имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун класстарын аныктоо боюнча эрежелерди иштеп чыгуу;

3) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун минималдуу талаптарын иштеп чыгуу;

4) төмөнкүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү:

а) имараттардын энергетикалык сертификаттарынын, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчеттордун;

б) имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча сертификацияланган адистердин.

Ушул пунктта каралган мамлекеттик реестрди жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;

5) адистерди даярдоону, классификацияларын жогорулатууну уюштуруу жана имараттардын энергетикалык сертификациясы жана (же) буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугунун мезгил-мезгили менен контролдоо жаатында алардын мамлекеттик классификациялык сертификациясын жүргүзүү;

6) (КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 74 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексинде бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуу жана ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга имараттарды энергетикалык сертификаттоону жана буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоону жүргүзүү боюнча иштердин натыйжалары жөнүндө ар жылдык отчетторду даярдоо;

8) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду даярдоо боюнча иштерди координациялоо;

9) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

(КР 2013-жылдын 18-октябрындагы N 194, 2019-жылдын 20-июнундагы N 74 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-7)
