# 13-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун пропагандалоо жана маалыматтык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203377)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 137 "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4415/edition/954099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203377/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө, 13-берене (20.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-13

---

Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун пропагандалоо жана маалыматтык жактан камсыз кылуу төмөнкү жолдор аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу чөйрөсүндө курстарды, семинарларды, конференцияларды уюштуруу;

2) жогорку энергетикалык натыйжалуу орнотмолорду жана жабдууларды көрсөтүү менен көргөзмөлөрдү, конкурстарды уюштуруу;

3) техникалык багыттагы окуу жайларында ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча милдеттүү түрдө окуу программасын киргизүү;

4) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун маселелери боюнча маалыматтарды берүү жана жайылтуу;

5) энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну жана парник газдарынын абага чыгууларын төмөндөтүүнү пропагандалоо.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-14)
