# 12-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жаатындагы эл аралык кызматташтык

- Документ: [Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203377)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 137 "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 18 октября 2013 года № 194 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об энергетической эффективности зданий"](https://aqlex.ai/kg/doc/205057)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203377#diff=954099..954100>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4415/edition/954099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203377/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө, 12-берене (20.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-12

---

1. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отун-энергетика комплексинин чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында эл аралык кызматташтыктын негизги багыттары болуп төмөндөгүлөр саналат:

1) чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен энергетикалык натыйжалуу технологияларды өз ара пайдалуу алмашуу;

2) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жаатындагы эл аралык долбоорлорго Кыргыз Республикасынын катышуусу;

3) Кыргыз Республикасынын нормалары менен каралган энергетикалык натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүн эл аралык стандарттардын талаптары менен макулдашуу, ошондой эле имараттарды энергетикалык сертификациялоонун натыйжаларын өз ара таануу.

3. (КР 2013-жылдын 18-октябрындагы N 194 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2013-жылдын 18-октябрындагы N 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-13)
