# 10-берене. Тараптардын жоопкерчилиги

- Документ: [Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203377)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 137 "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 18 октября 2013 года № 194 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об энергетической эффективности зданий"](https://aqlex.ai/kg/doc/205057)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203377#diff=954099..954100>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4415/edition/954099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203377/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө, 10-берене (20.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-10

---

1. Сертификат алган адис имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин сапаты үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Имаратты энергетикалык сертификациялоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин сапаты үчүн жоопкерчилик бул имараттын энергетикалык сертификатына кол койгон тиешелүү сертификат алган адиске жүктөлөт.

3. Буу казандарынын, имаратты жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин сапаты үчүн жоопкерчилик буу казандарын, бул имаратты жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоону жүргүзүү жөнүндө отчетко кол койгон тиешелүү сертификат алган адиске жүктөлөт.

4. Мониторингде имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча аткарылган иштердин сапатынын төмөн болушу үч жолу далилденген учурда сертификат алган адис ушул иштерди жүргүзүү боюнча мамлекеттик квалификациялык сертификатынан ажыратылат.

(КР 2013-жылдын 18-октябрындагы N 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203377/st-11)
