# 7-берене. Кепилдик мүчөлүк акы

- Документ: [Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203376)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 136 "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.05.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2018 года № 51 "О доверительном управлении государственным имуществом"](https://aqlex.ai/kg/doc/111784)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4414/edition/873514/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203376/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө, 7-берене (22.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-7

---

1. Кепилдик мүчөлүк акынын өлчөмү башкарууга берилүүчү мамлекеттик мүлктүн наркынын 10 пайызын түзөт.

Кепилдик мүчөлүк акы төмөнкү учурларда кайтарып берилүүгө тийиш:

- эгерде конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылбаса (кепилдик мүчөлүк акыны кайтарып берүү мөөнөтү - башкаруунун уюштуруучусу тарабынан конкурстун жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилген учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде);

- эгерде конкурс болгон эмес деп таанылса (кепилдик мүчөлүк акыны кайтарып берүү мөөнөтү - башкаруунун уюштуруучусу тарабынан конкурстун жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилген учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде);

- эгерде атаандаш тарабынан катталган билдирме чакыртып алынса (кепилдик мүчөлүк акыны кайтарып берүү мөөнөтү - башкаруунун уюштуруучусу тарабынан конкурстун жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилген учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде).

Кепилдик мүчөлүк акы башкаруучуга башкаруу келишими боюнча милдеттенмелер аткарылганда кайтарылып берилет. Кепилдик мүчөлүк акыны кайтарып берүүнүн мөөнөттөрү жана шарттары башкаруу келишиминде эскертилет.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-8)
