# 4-берене. Мамлекеттик мүлктү башкарууга байланышкан укук мамилелери

- Документ: [Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203376)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 136 "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.05.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2018 года № 51 "О доверительном управлении государственным имуществом"](https://aqlex.ai/kg/doc/111784)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4414/edition/873514/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203376/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө, 4-берене (22.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-4

---

1. Ишенимдүү башкаруучу мамлекеттик мүлктү экономикалык жактан өнүктүрүүнүн бизнес-планын жана сунуштарды камсыз кылуунун финансылык кепилдиги катары кепилдик төгүмүнүн суммасын же мамлекеттик мүлктүн экономикалык абалын жакшыртуу боюнча чараларды берет.

2. Ишенимдүү башкарууга берилүүчү мамлекеттик мүлктүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат жана бекитилет.

Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүүнүн мөөнөттөрү ишенимдүү башкаруу келишиминде эскертилет. Ишенимдүү башкаруучунун бизнес-планы аткаруунун бир кыйла узак мөөнөттүү убактысын талап кылган учурларда, мурда ишенимдүү башкаруу келишиминде эскертилген, мамлекеттик мүлктү башкарууга берүү мөөнөтү колдонуудагы келишимди узартуу же жаны башкаруу келишимин түзүү жолу менен узартылышы мүмкүн.

3. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-5)
