# 3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр

- Документ: [Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203376)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 136 "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.05.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2018 года № 51 "О доверительном управлении государственным имуществом"](https://aqlex.ai/kg/doc/111784)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4414/edition/873514/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203376/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө, 3-берене (22.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-3

---

1. Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:

- ишенимдүү башкарууга берилүүчү мамлекеттик мүлк - чарбалык шериктиктердин жана коомдордун мамлекетке таандык акциялары (уставдык капиталдагы үлүшү);

- акция - анын кармоочусунун (акционердин) акционердик коомдун пайдасынын бөлүгүн үлүштүк киреше түрүндө алуу, акционердик коомдун ишин башкарууга катышуу, ал жоюлгандан кийин калган мүлктүн бөлүгүнө укугун ырастоочу баалуу кагаз;

- мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүү - мамилелердин тутумун камтыган мамлекеттик мүлктү башкаруу ыкмаларынын бири, мында башкаруунун уюштуруучусу бул мүлккө менчик укугун берүүсүз мамлекеттик мүлктү белгилүү мөөнөткө ишенимдүү башкарууга берет, мында ишенимдүү башкаруучу башкаруунун уюштуруучусунун кызыкчылыгындагы ишенимдүү башкаруу келишиминде аныкталган милдеттенмелерге ылайык башкарууну жүзөгө ашырат;

- ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусу - мамлекет, анын атынан мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгат;

- ишенимдүү башкаруучу - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиянын негизинде, мамлекеттик менчикте турган акцияларды ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу жана ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун кызыкчылыктарында бул акцияларга карата иш жүзүндө кандай гана болбосун юридикалык аракеттерди жасоочу жеке (жеке ишкер) же юридикалык жак (коммерциялык уюм).

2. Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган жеке адам, мамлекеттик мекеме жана ишкана ишенимдүү башкаруучу боло албайт.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-4)
