# 2-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруунун максаттары

- Документ: [Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203376)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 136 "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.05.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2018 года № 51 "О доверительном управлении государственным имуществом"](https://aqlex.ai/kg/doc/111784)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4414/edition/873514/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203376/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө, 2-берене (22.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-2

---

Мамлекеттик мүлк төмөнкү максаттарда ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилет:

- республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана (же) чыгаша бөлүгүн кыскартуу;

- мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик мүлктү талаптагыдай абалда күтүү;

- мамлекеттик мүлктү сактоо жана көбөйтүү;

- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча иштердеги чыгымдарды төмөндөтүү;

- продукцияны эл аралык рынокторго өткөрүү;

- ишканаларда жаңы өндүрүштүк жана башкаруу технологияларын, анын ичинде эл аралык стандарттарды киргизүү;

- социалдык долбоорлорду түзүүгө жана ишке ашырууга катышуу;

- инвестицияларды тартуу, инвестициялоо үчүн кудуреттүү бизнес-долбоорлордун маалыматтык базасын түзүү максатында кудуреттүү чет өлкөлүк инвесторлор, өнүктүрүү институттары жана башка каржы уюмдары менен өз ара аракеттенүү;

- ата мекендик жана чет өлкөлүк жеке менчик капиталдын катышуусунда биргелешкен долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу;

- мамлекеттик ишканаларды жандандыруу жана түзүмүн өзгөртүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу же алардын базасында жаны өндүрүштөрдү уюштуруу.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-3)
