2-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруунун максаттары
Күчүн жоготкон · 22.05.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 мая 2018 года № 51.
Мамлекеттик мүлк төмөнкү максаттарда ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилет:
- республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана (же) чыгаша бөлүгүн кыскартуу;
- мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик мүлктү талаптагыдай абалда күтүү;
- мамлекеттик мүлктү сактоо жана көбөйтүү;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча иштердеги чыгымдарды төмөндөтүү;
- продукцияны эл аралык рынокторго өткөрүү;
- ишканаларда жаңы өндүрүштүк жана башкаруу технологияларын, анын ичинде эл аралык стандарттарды киргизүү;
- социалдык долбоорлорду түзүүгө жана ишке ашырууга катышуу;
- инвестицияларды тартуу, инвестициялоо үчүн кудуреттүү бизнес-долбоорлордун маалыматтык базасын түзүү максатында кудуреттүү чет өлкөлүк инвесторлор, өнүктүрүү институттары жана башка каржы уюмдары менен өз ара аракеттенүү;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк жеке менчик капиталдын катышуусунда биргелешкен долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу;
- мамлекеттик ишканаларды жандандыруу жана түзүмүн өзгөртүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу же алардын базасында жаны өндүрүштөрдү уюштуруу.
Берененин тексти 22.05.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203376/st-2" title="2-берене - Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>