# 13-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин токтотулушу

- Документ: [Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203376)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 136 "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.05.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2018 года № 51 "О доверительном управлении государственным имуществом"](https://aqlex.ai/kg/doc/111784)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4414/edition/873514/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203376/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө, 13-берене (22.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-13

---

Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими төмөнкү себептер боюнча токтотулушу мүмкүн:

- тараптардын бири келишим боюнча шарттарды жана милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, тараптардын биринин башкаруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызы;

- юридикалык жак жоюлганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте башкаруучу кудуретсиз (банкрот) деп таанылганда;

- башкаруучу болуп саналган жаран-жеке адам өлгөндө, аны аракетке жөндөмсүз, жөндөмдүүлүгү чектелген же дайынсыз жок болгон деп тааныганда;

- башкаруучунун жеке өзү мамлекеттик мүлктү башкарууну жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүгү болбогондугуна байланыштуу, башкарууну жүзөгө ашыруудан башкаруучу баш тартканда;

- бул кошумча сүйлөшүүлөрдүн предмети болуп эсептелсе, анын колдонулушу тараптардын макулдугу боюнча узартылбаган учурда, башкаруу келишиминин колдонуу мөөнөтүнүн акыркы күнү аяктаганда.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-14)
