# 12-берене. Ишенимдүү башкаруучунун ишмилдеттери жана милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203376)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 136 "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.05.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2018 года № 51 "О доверительном управлении государственным имуществом"](https://aqlex.ai/kg/doc/111784)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4414/edition/873514/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203376/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө, 12-берене (22.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-12

---

1. Ишенимдүү башкаруучу акциялардын мамлекеттик пакети менен өзүнүн акционердик - ага башкарууга берилген акциялардын ээси катары укугун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруу жолу менен башкаруунун уюштуруучусунун кызыкчылыктарын билдирет.

2. Ишенимдүү башкаруучунун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- ишкананын чарбалык иш аракетинин натыйжалуулугун жогорулатуу;

- ишкананын анын өнүгүшү үчүн зарыл болгон кирешени алышын камсыз кылуу;

- жарым жылдык жана жылдык бухгалтердик отчеттуулукту берүү үчүн отчетторду даярдоо, башкаруунун уюштуруучусуна ал белгилеген тариз боюнча, өзүнүн иш аракеттери жөнүндө үч айлык жана ар жылдык отчетторду келишимде көрсөтүлгөн дарек боюнча берүү;

- башкаруунун уюштуруучусунун жана (же) анын ыйгарым укуктуу органдарынын суроо-талабы алынган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен, ишенимдүү башкаруучу катары өзүнүн иш аракеттери жөнүндө кандай гана болбосун документтерди жана маалыматтарды берүү;

- акционердик коомдун бардык деңгээлдердеги бюджеттердин, бюджеттен тышкаркы мамлекеттик фонддордун алдындагы карыздарын, эмгек акы төлөө жана башка төлөмдөр боюнча карыздарын акырындап жоюу жана кийин алардын келип чыгышына жол бербөөгө карата 6 айлык мөөнөттө чараларды көрүү.

3. Ишенимдүү башкаруучунун акцияларды башкаруу боюнча чыгымдарын келишимге ылайык калыбына келтирүүсү акциялар боюнча болгон дивиденддердин чегинде, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-13)
