12-берене. Ишенимдүү башкаруучунун ишмилдеттери жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 22.05.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 мая 2018 года № 51.
1. Ишенимдүү башкаруучу акциялардын мамлекеттик пакети менен өзүнүн акционердик - ага башкарууга берилген акциялардын ээси катары укугун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруу жолу менен башкаруунун уюштуруучусунун кызыкчылыктарын билдирет.
2. Ишенимдүү башкаруучунун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- ишкананын чарбалык иш аракетинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- ишкананын анын өнүгүшү үчүн зарыл болгон кирешени алышын камсыз кылуу;
- жарым жылдык жана жылдык бухгалтердик отчеттуулукту берүү үчүн отчетторду даярдоо, башкаруунун уюштуруучусуна ал белгилеген тариз боюнча, өзүнүн иш аракеттери жөнүндө үч айлык жана ар жылдык отчетторду келишимде көрсөтүлгөн дарек боюнча берүү;
- башкаруунун уюштуруучусунун жана (же) анын ыйгарым укуктуу органдарынын суроо-талабы алынган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен, ишенимдүү башкаруучу катары өзүнүн иш аракеттери жөнүндө кандай гана болбосун документтерди жана маалыматтарды берүү;
- акционердик коомдун бардык деңгээлдердеги бюджеттердин, бюджеттен тышкаркы мамлекеттик фонддордун алдындагы карыздарын, эмгек акы төлөө жана башка төлөмдөр боюнча карыздарын акырындап жоюу жана кийин алардын келип чыгышына жол бербөөгө карата 6 айлык мөөнөттө чараларды көрүү.
3. Ишенимдүү башкаруучунун акцияларды башкаруу боюнча чыгымдарын келишимге ылайык калыбына келтирүүсү акциялар боюнча болгон дивиденддердин чегинде, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 22.05.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203376/st-12" title="12-берене - Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>