# 11-берене. Уюштуруучунун укуктары

- Документ: [Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203376)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 136 "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.05.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2018 года № 51 "О доверительном управлении государственным имуществом"](https://aqlex.ai/kg/doc/111784)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4414/edition/873514/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203376/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө, 11-берене (22.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-11

---

1. Башкаруунун уюштуруучусу башкаруучу тарабынан ишенимдүү башкаруу келишиминин аткарылышын текшерүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ал тарабынан мамлекеттик органдарга алардын компетенцияларынын чектеринде берилүүчү бардык документтерди жана маалыматтарды алууга укуктуу.

2. Башкаруунун уюштуруучусу төмөнкүлөргө укуктуу:

- акционерлердин жалпы чогулушунда башкаруучунун ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга;

- башкаруучуда акциялардын мамлекеттик пакети менен добуш берүү укугу пайда болуучу маселелердин чөйрөсүнө чек коюуга.

3. Башкаруунун уюштуруучусунун укуктары мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминде эскертилет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203376/st-12)
