# 9-берене. Улгайган жарандардын социалдык укуктары жана кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203373)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлу № 133 "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожилых гражданах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112533)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203373#diff=1234887..1234888>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4411/edition/1234887/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203373/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө, 9-берене (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-9

---

1. Улгайган жарандар башка жарандар менен бир катарда Кыргыз Республикасынын Конституциясында, мыйзамдарында, ошондой эле башка укуктук ченемдик актыларында жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде кепилденген укуктардын бардык комплексине ээ болушат.

2. Улгайган жарандардын кепилдиктерин жана укуктарын коргоону камсыз кылуу жагындагы укуктук негиздер, жашоо-тиричиликтин мамлекет тарабынан кепилденген эң төмөн социалдык стандарттарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

3. Улгайган жарандар жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, жаш курагына, жашаган жерине, динге мамилесине, саясий ынанымдарына карабастан, мамлекет тарабынан кепилденген социалдык кепилдиктерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууда бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.

(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-10)
