9-берене. Улгайган жарандардын социалдык укуктары жана кепилдиктери
Күчүндө · 03.03.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 48
1. Улгайган жарандар башка жарандар менен бир катарда Кыргыз Республикасынын Конституциясында, мыйзамдарында, ошондой эле башка укуктук ченемдик актыларында жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде кепилденген укуктардын бардык комплексине ээ болушат.
2. Улгайган жарандардын кепилдиктерин жана укуктарын коргоону камсыз кылуу жагындагы укуктук негиздер, жашоо-тиричиликтин мамлекет тарабынан кепилденген эң төмөн социалдык стандарттарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.
3. Улгайган жарандар жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, жаш курагына, жашаган жерине, динге мамилесине, саясий ынанымдарына карабастан, мамлекет тарабынан кепилденген социалдык кепилдиктерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууда бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожилых гражданах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
03.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мыйзамдарында, ошондой эле башка укуктук ченемдик актыларында жана алынып салынды: Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде … алууда бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203373/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>