# 5-берене. Улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясаттын принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203373)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлу № 133 "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожилых гражданах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112533)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203373#diff=1234887..1234888>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4411/edition/1234887/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203373/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө, 5-берене (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-5

---

Улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясат төмөнкү принциптерге негизденет:

- улгайган жарандарга берилген мамлекеттик кепилдиктерди талаптагыдай камсыз кылуудагы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги;

- улгайган жарандардын жыргалчылыгын жана социалдык жашоо-турмуш деңгээлин жакшыртууга багытталган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттеринин натыйжалуулугу;

- улгайган жарандардын жашоо-турмушунун жана жеке керектөөлөрүнүн мамлекет тарабынан кепилденген төмөнкү социалдык стандарттарын эске алуу менен, социалдык жактан тейлөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик кепилдиктерди берүү;

- улгайган жарандар үчүн социалдык кызматтарды алуунун артыкчылыктуулугун жана алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

- улгайган жарандардын Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүшүнө багытталган мамлекеттик саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга катышуусу;

- адилеттүүлүктүн жана өз ара жардамдашуунун негизинде муундардын ортосундагы тилектештикти бекемдөөнү пропагандалоо;

- жаштар менен билим жана тажрыйба алмашуу аркылуу өсүп келе жаткан муунду атуулдукка тарбиялоодо улгайган жарандардын катышуусу;

- улгайган жарандардын жарандык укуктарын сактоо жана кадыр-баркын сыйлоо;

- улгайган жарандардын өзүн өнүктүрүүсү, анын ичинде билим алуусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;

- улгайган жарандарга карата терс мамилелерди жана басмырлоону жоюу.

(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-6)
