# 4-берене. Улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясат

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203373)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлу № 133 "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожилых гражданах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112533)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203373#diff=1234887..1234888>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4411/edition/1234887/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203373/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө, 4-берене (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-4

---

1. Улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясат улгайган жарандар үчүн укуктук, социалдык-экономикалык шарттарды түзүүгө, татыктуу жашоолору, өсүп-өнүгүүлөрү жана мүдөөлөрүн ишке ашыруулары үчүн кепилдиктерди берүүгө, кыска мөөнөтүү, орто мөөнөтүү жана узак мөөнөтүү жалпы мамлекеттик жана аймактык программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу жолу менен, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-августундагы № 442 "2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтому

2. Саламаттыкты сактоо жана социалдык колдоо, ошондой эле маалыматка жана билим берүүгө, спортко жана маданиятка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу кызматтарынын сапатын арттыруу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары болуп саналат.

(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-5)
