22-берене. Маданий-оюн-зоок мекемелерине жана иш чараларына, спорттук саламаттыкты чыңдоо курулмаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу
Күчүндө · 03.03.2023 редакциясы
1. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары улгайган жарандардын маданий-оюн-зоок мекемелерине (музейлерге, театрларга, кинотеатрларга, көргөзмөлөргө), дене тарбиясы жана спорт менен машыгуулары үчүн спорттук-саламаттыкты чыңдоо курулмаларына эркин кирүүлөрү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылат.
2. Иши маданият жагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу менен байланышкан уюмдар улгайган жарандар үчүн музейлерге, көргөзмөлөргө акысыз кирүүчү күндөрдү белгилөөгө милдеттүү.
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203373/st-22" title="22-берене - Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>