# 19-берене. Улгайган жарандарга медициналык-санитардык жана медициналык-социалдык жардам көрсөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203373)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлу № 133 "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожилых гражданах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112533)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203373#diff=1234887..1234888>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4411/edition/1234887/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203373/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө, 19-берене (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-19

---

1. Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жагындагы мыйзамдарына ылайык, улгайган жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү мамлекет тарабынан кепилденилет.

2. Медициналык-санитардык жардам Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жагындагы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин Программасына ылайык медицина уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Улгайган жарандарга медициналык-социалдык жардам көрсөтүүнү өркүндөтүү максатында саламаттыкты сактоо уюмдарында геронтологиялык иштер төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:

- организмдин картаюу мыйзам ченемдерин изилдөө жана мезгилсиз картаюунун алдын алуу;

- улуу муундагы адамдар үчүн апробациялоо жана изилдөө программаларын ишке киргизүү;

- улгайган оорулуу жарандарды дарылоо жана алдын ала дарылоо ыкмаларын киргизүү үчүн гериатриянын клиникалык өңүттөрү боюнча иштиктүү сунуштамаларды иштеп чыгуу;

- геронтология маселелери боюнча медициналык кызматчылардын кесиптик даярдыктарын өркүндөтүү.

(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-20)
