# 14-берене. Улгайган жарандар үчүн социалдык кызматтар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203373)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлу № 133 "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4411/edition/1234887/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203373/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө, 14-берене (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-14

---

1. Улгайган жарандарга иш жүзүндө социалдык жардамдарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана улгайган жарандардын бирикмелери менен бирдикте мамлекеттик органдар тарабынан улгайган жарандар үчүн социалдык кызматтар колдоого алынат.

2. Улгайган жарандар үчүн социалдык кызматтар маалыматтык, психологиялык, медициналык жана социалдык жардамдардын башка түрлөрүн көрсөтөт, улгайган жарандарга карата терс көрүнүштөрдүн (укук бузуулардын, анын ичинде улгайган жарандарга катаал мамиле жасоонун ж.б.) алдын алуу максатында зарыл болгон чараларды ишке ашырат, айрым улгайган жарандарды социалдык камкордукка алууну жүзөгө ашырат, улгайган жарандардын арасындагы баңгиликти жана аракечтикти алдын алуу менен алектенет.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203373/st-15)
