# КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 130 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 130 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203370>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4409/edition/454580/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203370.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 130 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы (26.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203370

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 26-июлу № 130

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203370/st-1)

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 498-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 14-1-статья менен толукталсын:

"14-1-статья.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин жана чет мамлекеттердин гербдерин же коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын гералдикалык белгилерин бир учурда жайгаштырганда менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин өлчөмдөрү башка гербдердин (гералдикалык белгилерден) өлчөмдөрүнөн кичине болбошу керек. Мында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби башка гербдерден (гералдикалык белгилерден) төмөн жайгаштырылбайт.".

2. 21-статьянын 1-бөлүгү "аны туруп угушат" деген сөздөрдөн кийин "(эркектер - улуттук баш кийимди, жылаңбаш отуруу сыйлобоо актысы катары каралган диний ынанымдагы адамдардын атайын баш кийимин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык формалык кийим кийип жүрүү каралган аскер кызматчыларын жана башка адамдарды албаганда, баш кийимсиз)".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203370/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
