1-берене
Күчүндө · 25.07.2011 редакциясы
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 81-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 17-статьядагы "Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик органдын жетекчисине жана Кыргыз Республикасынын коргоо министрине" деген сөздөр "коргонуу, ички иштер жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилерине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 18-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин" деген сөздөр "коргонуу, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 20-статьядагы "Кыргыз Республикасынын ички иштер министри жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ички иштер жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилери" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 22-статьянын 1-пунктундагы "ички иштер органдарынын, ички аскерлердин, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин" деген сөздөр "коргонуу жана ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 36-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын тышкы иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 25.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- КР 1998-жылдын 24-октябрындагы № 135 "Өзгөчө абал жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 24.10.1998 · № 135
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203366/st-1" title="1-берене - "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>