# КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203364>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4403/edition/809646/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203364.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203364

---

КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 22-июлу № 124 Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203364/st-1)

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 5, 420-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 9-статьянын 38-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "38) товарлар - бажы чек арасы аркылуу алынып өтүүчү ар кандай кыймылдуу мүлк, анын ичинде валюта, валюталык баалуулуктар, баалуу кагаздар, электр, жылуулук, энергиянын дагы башка түрлөрү, айыл чарба малдары, ошондой эле, ушул берененин 41-пунктчасында көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын кошпогондо, транспорттук каражаттар;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203364/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203364/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
