# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203363)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 22-июлундагы № 123 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203363/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4402/edition/1119683/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203363/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (08.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203363/st-2

---

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору. 1999-ж.. № 2. 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 22-глава төмөнкүдөй мазмундагы 301-3-статья менен толукталсын:

"301-3-статья. МЧБнын көрсөтмөсү жок тамеки буюмдарды өндүрүү, импорттоо жана сатуу

Сигареттердин таңгакчасында, кутучаларында МЧБ көрсөтмөсү жок тамеки буюмдарын өндүрүү, импорттоо жана сатуу - жарандарга эсептик көрсөткүчтүн он бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарга - эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн жети жүзгө чейин өлчөмүндө, тамеки буюмдарын конфискациялоо менен администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 26-глава төмөнкүдөй мазмундагы 346-1-статья менен толукталсын:

"346-1-статья. Керектөөчүгө товарды сатууда баалардын негизделбеген көтөрүлүшү

Товарды сатууда товарга чапталган сигареттердин таңгакчасына, кутучаларына, ярлыка көрсөтүлгөн МЧБ көтөрүү - жарандарга эсептик көрсөткүчтүн он бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарга - эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн үч жүздөн беш жүзгө чейин өлчөмүндө, тамеки буюмдарын конфискациялоо менен администрациялык айып салууга алып келет.".

3. 508-статьянын 1-бөлүгү "300, 301, 301-1, 301-2," деген сандардан кийин "301-3-статьяларында" деген сандар жана сөздөр менен, "308, 339-345," деген сандардан кийин "346-1," сандар менен толукталсын.

4. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын жыйырма үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"салык кызматынын органдары (300, 301, 301-3, 302, 308, 340, 342, 346-1, 405-статьялар)".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203363/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203363/st-3)
