# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203363)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 22-июлундагы № 123 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203363/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4402/edition/1119683/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203363/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (08.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203363/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8. 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:

"31) Максималдуу чекене баа (мындан ары - МЧБ)" - тамеки буюмдарынын керектелүүчү таңгакчасынын (кутучасынын) бирдигине түздөн-түз көрсөтүлгөн чекене баа (баанын жогорку чегинин деңгээли), МЧБ тамеки буюмдарынын керектелүүчү таңгакчасынын (кутучасынын) бирдигинин жогорку баасын көрсөткөндүктөн чекене соода ишканалары, коомдук тамактануу, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү, ошондой эле жеке ишкерлер тарабынан керектөөчүлөргө андан жогору баада сатууга болбойт. МЧБ салык төлөөчүлөр тарабынан тамеки буюмдарынын керектелүүчү таңгакчасынын (кутучасынын) бирдигине тамеки буюмдарынын ар бир маркасы (ар биринин аталышы) боюнча өз алдынча өз-өзүнчө белгиленет.".

2. 41-глава төмөнкүдөй мазмундагы 286-1-берене менен толукталсын:

"286-1-берене. Чогуу белгиленген салык ставкасына карата тамеки буюмдарынын эсептик наркын аныктоо тартиби

1. Тамеки буюмдарынын керектелүүчү таңгакчасынын (кутучасынын) бирдигине көрсөтүлгөн жана отчеттук салык мезгилинин ичинде сатылган (өткөрүлүп берилген) же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген тамеки буюмдарынын керектелүүчү таңгакчасынын (кутучасынын) бирдигинин санына жүргүзгөн МЧБ эсептик нарк деп таанылат.

2. Салык төлөөчү учетко турган орду боюнча (бажы органдары акциздик товарларды жүйөөлөштүргөн орду боюнча) МЧБ көрсөтүлгөн билдирмеге киргизилгенден баштап тамеки буюмдарынын ар бир маркасы (ар биринин аталышы) боюнча календардык айдын башталышына чейин 10 календардык күндөн кеч эмес убакытта МЧБ жөнүндө билдирмени (мындан ары - билдирме) салык органдарына берүү керек.

3. Билдирмеге кабарланган МЧБ билдирменин жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде чыгарылган тамеки буюмдарынын керектелүүчү таңгакчасынын (кутучасынын) бирдигинин ар бирине киргизилүүгө жатат. МЧБ киргизилген билдирменин жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде, билдирмеде көрсөтүлгөн МЧБдан айырмаланган бир маркадагы (бир аталыштагы) тамеки буюмдарын өндүрүүгө жол берилбейт.".

3. 287-статьяда:

1-бөлүктүн таблицасындагы он үчүнчү-он сегизинчи саптары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "

| Чыпкалуу сигареттер: "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын күчүнө кирген күнүнөн тартып 2011-жылдын 31-декабрын кошо алганда 2012-жылдын 1-январынан 2012-жылдын 31-декабрын кошо алганда 2013-жылдын 1-январынан тартып | 2402 | 1000 даана | 1000 даанасы үчүн 80 сом МЧБ эсептелүүчү эсептик паркынан +7%. бирок 1000 даанасы үчүн 130 сомдон кем эмес 1000 даанасы үчүн 100 сом МЧБ эсептелүүчү эсептик наркынан +7,5%, бирок 1000 даанасы үчүн 150 сомдон кем эмес 1000 даанасы үчүн 120 сом МЧБ эсептелүүчү эсептик наркынан +8%, бирок 1000 даанасы үчүн 180 сомдон кем эмес |
| --- | --- | --- | --- |
| Чыпкасыз сигареттер: "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын күчүнө кирген күнүнөн тартып 2011-жылдын 31-декабрын кошо алганда 2012-жылдын 1-январынан 2012-жылдын 31-декабрын кошо алганда 2013-жылдын 1-январынан тартып | 2402 | 1000 даана | 1000 даанасы үчүн 5 сом МЧБ эсептелүүчү эсептик наркынан +3%, бирок 1000 даанасы үчүн 18 сомдон кем эмес 1000 даанасы үчүн 5,5 сом МЧБ эсептелүүчү эсептик наркынан +3,3%, бирок 1000 даанасы үчүн 130 сомдон кем эмес 1000 даанасы үчүн 6 сом МЧБ эсептелүүчү эсептик наркынан +3,6%, бирок 1000 даанасы үчүн 24 сомдон кем эмес |

"; 2-бөлүктөгү "өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө" деген сөздөр "белгиленген өлчөмдүн чегинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203363/st-2)
