# 9-берене. Уюшкан кылмыштуулукту жаратуучу себептерди жана

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203362)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 122 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 мая 2013 года № 82 "О противодействии организованной преступности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4401/edition/430807/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203362/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 9-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-9

---

шарттарды аныктоо жана жоюу

Уюшкан кылмыштуулукту шарттоочу себептерди жана шарттарды аныктоо укук коргоо органдары тарабынан бул чөйрөдөгү маалыматтарды талдоо, аны илимий жалпылоо жана аңдап билүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Уюшкан кылмыштуулукту шарттоочу себептерди жана шарттарды аныктаган укук коргоо органдары ачыкка чыккан себептерди жана шарттарды жоюу үчүн ал маалыматтарды компетенттүү мамлекеттик органдарга же коомдук бирикмелерге жеткирет. Уюшкан кылмыштуулукту шарттоочу себептерди жана шарттарды жоюу уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттин жалпы мамлекеттик программасынын алкагындагы саясий, укуктук, социалдык жана экономикалык мүнөздөгү чаралардын комплексинин жардамы менен жүзөгө ашырылат. Уюшкан кылмыштуулукту шарттоочу себептерди жана шарттарды жоюу жарандык коомдун түздөн-түз катышуусу менен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-10)
