9-берене. Уюшкан кылмыштуулукту жаратуучу себептерди жана
Күчүн жоготкон · 29.05.2013 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 мая 2013 года № 82.
шарттарды аныктоо жана жоюу
Уюшкан кылмыштуулукту шарттоочу себептерди жана шарттарды аныктоо укук коргоо органдары тарабынан бул чөйрөдөгү маалыматтарды талдоо, аны илимий жалпылоо жана аңдап билүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Уюшкан кылмыштуулукту шарттоочу себептерди жана шарттарды аныктаган укук коргоо органдары ачыкка чыккан себептерди жана шарттарды жоюу үчүн ал маалыматтарды компетенттүү мамлекеттик органдарга же коомдук бирикмелерге жеткирет. Уюшкан кылмыштуулукту шарттоочу себептерди жана шарттарды жоюу уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттин жалпы мамлекеттик программасынын алкагындагы саясий, укуктук, социалдык жана экономикалык мүнөздөгү чаралардын комплексинин жардамы менен жүзөгө ашырылат. Уюшкан кылмыштуулукту шарттоочу себептерди жана шарттарды жоюу жарандык коомдун түздөн-түз катышуусу менен жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 29.05.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203362/st-9" title="9-берене - Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>