# 8-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти маалыматтык

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203362)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 122 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 мая 2013 года № 82 "О противодействии организованной преступности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4401/edition/430807/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203362/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 8-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-8

---

камсыздоо

Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти маалыматтык камсыздоо максаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттин абалы жөнүндө маалыматтардын электрондук базасын иштеп чыгуу жана пайдалануу үчүн бирдиктүү шарттарды аныктайт;

- мамлекеттик органдарга көмөктөшкөн органдардын карамагында турган маалыматтарга уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет боюнча бөлүмдөрдүн натыйжалуу жетимдүүлүгүн камсыз кылат, аны алуунун жана пайдалануунун тартибин жана шартын аныктайт.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет чөйрөсүндөгү маалыматтарды топтоо, сактоо, жалпылоо жана талдоо максаттарында уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти жүзөгө ашыруучу органдар тийиштүү эсеп жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жалпыга маалымдоо каражаты уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти керектүү деңгээлде камсыздоого багытталган маалыматтык материалдарды жайгаштырууга көмөк көрсөтөт.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-9)
