# 7-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттин укуктук жана

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203362)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 122 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 мая 2013 года № 82 "О противодействии организованной преступности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4401/edition/430807/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203362/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 7-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-7

---

уюштуруучулук негиздерин түзүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү уюшкан кылмыштуулукка натыйжалуу каршы аракеттин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү максаттарында:

- уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттин концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча программаны иштеп чыгат;

- уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет;

- улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүчү компененттүү эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын мүчө болушун камсыз кылат.

5-берененин 1-пунктунда саналып өткөн уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти жүзөгө ашыруучу органдар өзүнүн түзүмүндө уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет боюнча бөлүмдөрдү түзөт, бул чөйрөдө болуп жаткан процесстерди талдоону жана божомолдоону жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-8)
