# 6-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин негизги

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203362)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 122 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 мая 2013 года № 82 "О противодействии организованной преступности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4401/edition/430807/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203362/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 6-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-6

---

багыттары

Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер чөйрөсүндөгү негизги багыттар болуп төмөнкүлөр саналат:

- уюшкан кылмыштуулукка натыйжалуу каршы аракеттин, эл аралык кызматташтыкты уюштуруунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү;

- маалыматтык камсыздоо;

- уюшкан кылмыштуулукту жаратуучу себептерди жана шарттарды аныктоо жана четтетүү;

- уюшкан кылмыштуу топторду, кылмыштуу шериктиктерди (кылмыштуу уюмдарды), куралдуу топторду (бандаларды), анын ичинде алардын иштерин каржылоонун схемасын түзүүгө бөгөт коюу;

- уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) кылмыштуу иштерин, анын ичинде алардын иштерин каржылоонун схемасын аныктоо жана жоюу:

- күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана зыяндын ордун толтурууну камсыздоо;

- мамлекеттик кызматчылар жана кызмат адамдары менен коррупциялык байланыштарды түзүүлөрүнө, алардын кылмыштуу ишке тартылышына жол бербөө;

- криминалдык идеологияны жайылтуу максаттарында же башка кылмыштуу максаттарда уюшкан кылмыштуу топтор, кылмыштуу шериктиктер (кылмыштуу уюмдар), куралдуу топтор (бандалар) тарабынан жарандардын бирикмелерин же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануусуна каршы аракеттенүү.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-7)
