# 5-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүчү мамлекеттик

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203362)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 122 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 мая 2013 года № 82 "О противодействии организованной преступности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4401/edition/430807/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203362/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 5-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-5

---

органдардын тутуму

1. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын тутумун төмөнкүлөр түзөт:

1) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти жүзөгө ашыруучу органдар:

- уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет боюнча өз ара аракетти камсыздоону, ушул Мыйзамдын алкагында маалыматтарды топтоону, талдоону жана сактоону жүзөгө ашыруучу ички иштер органдары;

- улуттук коопсуздук органдары:

- жазык-аткаруу тутумунун органдары;

- баңги заттарды контролдоо боюнча органдары;

- финансылык полиция органдары;

- бажы органдары;

2) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетке көмөк көрсөтүүчү органдар:

- прокуратура органдары;

- салык органдары;

- коргоо боюнча органы;

- финансылык чалгындоо органы:

- бирдиктүү мамлекеттик каттоо кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;

- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

- жергиликтүү мамлекеттик уюмдар;

- уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет боюнча эл аралык кызматташуунун жалпы маселелерин координациялоону жүзөгө ашыруучу тышкы иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-6)
