# 14-берене. Уюшкан кылмыштуу топтор, кылмыштуу шериктиктер

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203362)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 122 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 мая 2013 года № 82 "О противодействии организованной преступности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4401/edition/430807/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203362/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 14-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-14

---

(кылмыштуу уюмдар), куралдуу топтор (бандалар) тарабынан жарандардын бирикмелерин же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануусуна каршы аракет

Кыргыз Республикасында криминалдык идеологияны үгүттөөгө, ошондой эле криминалдык идеологияны үгүттөө, криминалдык түзүлүштөгү (иерархиядагы) адамдардын статусун же ролдорун жарыялоо (жар салуу) максаттарын көздөгөн коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жалпыга маалымдоо каражаттары, билим берүү жана маданият органдары жана мекемелери криминалдык идеология менен күрөшүүгө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетке көмөк көрсөтүшөт.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-15)
