# 11-берене. Уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203362)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 122 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 мая 2013 года № 82 "О противодействии организованной преступности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4401/edition/430807/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203362/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 11-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-11

---

(кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) кылмыштуу иштерин аныктоо жана алдын алуу

Уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) кылмыштуу иштерин аныктоо жана алдын алуу укук коргоо органдарынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул бөлүмдөрдүн материалдык-техникалык жабдылышын камсыздайт, жеке курамдын жана алардын үй-бүлөсүнүн корголуусунун, ошондой эле полиграф текшерүүнү (калпты ачкан детекторду) кошо алганда коррупцияга каршы иш-чаралардын комплексинин чаралар тутумун иштеп чыгат жана жайылтат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте, уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет боюнча органдардын материалдык-техникалык жабдылышынын деңгээлин жогорулатуу үчүн конфискацияланган мүлктүн 30 пайызы уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) иштерин ачкан жана жок кылган укук коргоо органдарына берилет жана алардын кызматкерлерин сыйлоо үчүн да пайдаланышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-12)
