# 10-берене. Уюшкан кылмыштуу топторду, кылмыштуу шериктиктерди

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203362)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 122 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 мая 2013 года № 82 "О противодействии организованной преступности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4401/edition/430807/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203362/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 10-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-10

---

(кылмыштуу уюмдарды), куралдуу топторду (бандаларды) түзүүнүн алдын алуу

Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти жүзөгө ашыруучу органдар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн чараларды колдонуу менен уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) жаштардын жана башка адамдардын тартылышына жол бербөө боюнча алдын ала чараларды жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, курагы жетпегендерге жана администрациялык көзөмөл чараларына карата жеке-алдын алуу эсебине коюу, алдын ала көзөмөлдөө бул иштердин негизги түрү болуп саналат. Уюшкан кылмыштуу топторду, кылмыштуу шериктиктерди (кылмыштуу уюмдарды), куралдуу топторду (бандаларды) жок кылуу жана таратуу изин суутпай издөө иш чаралары менен жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуулукка катышы бар чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүчү органдар алардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө тыюу салуу, Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык чыгарып жиберүү же Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтүн кыскартуу жөнүндө компетенттүү органдарга сунуштарды киргизүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203362/st-11)
