1-берене. Негизги терминдер жана түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 29.05.2013 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 мая 2013 года № 82.
Уюшкан кылмыштуулук - Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында аныкталган белгилери менен мүнөздөлүүчү уюшкан кылмыштуу топтор, кылмыштуу шериктиктер (кылмыштуу уюмдар), куралдуу топтор (бандалар) тарабынан жүзөгө ашырылуучу иш. Криминалдык анабашмаданияты - жашоонун жалпыга таандык баалуулуктарына жана ченемдерине каршы туруулары менен негизденген жана жашоонун уюштурулушун кылмыштуулук түрдө билдирген, коомдо салыштырмалуу өз алдынча жашаган жашыруун аттагы маданий чөйрө. Криминалдык идеология - кылмыштык анабашмаданиятынын көз карашы менен социалдык чындыктын баасына негизденген адамдардын топтук аң-сезиминин көз караштарынын жана ой-элестеринин тарыхый калыптанган тутуму. Криминалдык жашоо ыңгайы - коомдо кабылданган мүнөздүн жана адеп-ахлахтын ченемдерин четке кагышы менен мүнөздөлүүчү алардын уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) тиешелүүлүгүн тикеден-тике күбөлөндүргөн адамдардын коомго каршы жашоо-аракет ыңгайы. Криминалдык түзүлүш (иерархия) - уюшкан кылмыштуу топтордогу, кылмыштуу шериктиктердеги (кылмыштуу уюмдардагы), куралдуу топтордогу (бандалардагы) адамдардын абалы (статусу же ролу) жөнүндө көз караштардын жана баа берүүлөрдүн тутуму.
Берененин тексти 29.05.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203362/st-1" title="1-берене - Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>