7-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин атаандаштыкты чектөөчү макулдашуулары
Күчүн жоготкон · 21.05.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 мая 2026 года № 72.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 августа 2024 года № 162
1. Чарба жүргүзүүчү субъекттер - атаандаштар, башкача айтканда бир товардык рынокто товарларды сатууну жүзөгө ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъекттер же бир товардык рынокто товарларды сатып алууну жүзөгө ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъекттер картель деп таанылат, эгерде мындай макулдашуулар атаандаштыкты чектөөгө алып келсе же алып келиши мүмкүн болсо, алардын ортосундагы горизонталдык макулдашууларга, анын ичинде төмөнкүлөргө багытталган макулдашууларга тыюу салынат:
1) бааларды (тарифтерди), арзандатууларды, үстөктөрдү (кошумча төлөөнү), үстөк кошууну белгилөөгө (кармап турууга);
2) рынокто жана тооруктарда бааларды жогорулатуу, төмөндөтүү же бир калыпта кармап турууга;
3) рынокту аймактык принцип боюнча, сатуунун же сатып алуунун көлөмү боюнча, сатылуучу товарлардын ассортименти боюнча, көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү боюнча же болбосо сатуучулардын же сатып алуучулардын (тапшырыкчылардын) чөйрөсү боюнча бөлүүгө;
4) башка чарба жүргүзүүчү субъекттерди белгилүү бир товарлардын сатуучусу же сатып алуучусу (тапшырыкчы) катары рынокко чыгышын чектөөгө же рыноктон сүрүп чыгарууга;
5) суроо-талаптын көлөмүн жасалма өзгөртүү максаты менен өндүрүштүн көлөмүн макулдашууга;
6) белгилүү бир сатуучулар же сатып алуучулар (тапшырыкчылар) менен келишим түзүүдөн негизсиз баш тартууга;
7) баалык кодулоону орнотууга;
8) (КР 2015-жылдын 13-августундагы № 225 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9) жүйөөлүү себептерсиз товарларды жөнөтүүнү негизсиз кыскартууга же токтотууга;
10) керектөөчүлөрдү пайдасыз абалга дуушарланткан же болбосо товарларды жана бул товарларды өндүрүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттерди тандоонун эркиндигин чектеген келишимдердин типтүү шарттарын белгилөөгө же келишимдин предметине тиешеси жок жоболорду караштырууга;
11) (КР 2015-жылдын 13-августундагы № 225 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Ушул бөлүктүн 2-пунктунун жоболору жактардын бир тобуна кирген чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда макулдашууларга да жайылтылышы мүмкүн.
2. Эгерде макулдашуулардын натыйжасы болуп атаандаштыктын чектөөлөрү болсо, же болбосо мүмкүн болсо, кандай гана формада болбосун жетишкен вертикалдуу анын ичинде макулдашуулар толугу менен же жарым-жартылай жараксыз деп таанылат же аларга тыюу салынат:
1) контрагент үчүн пайдасыз шарттарды таңуулаган;
2) кайсы бир товарды бир гана сатуучудан, бирок анын атаандаштарынан эмес, алууну шарттаган;
3) сатып алуучулардын аймагын же чөйрөсүн чектеген;
4) андан сатып алуучу тарабынан алынган товарларды кайра сатууда бааларга чектөөлөрдү коюучу;
5) атаандаштар тарабынан өндүрүлгөн товарларды сатууга тыюу салуучу.
2-1. Ушул Мыйзамдын 7-2-беренесине ылайык жол берилет деп таанылган вертикалдуу макулдашууларды кошпогондо, чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы макулдашууларга тыюу салынат, эгерде мындай макулдашуулар атаандаштыкты чектөөгө алып келери же алып келиши мүмкүн экендиги аныкталса, анын ичинде:
1) рыноктун башка чарба жүргүзүүчү субъекттери менен мааниси бирдей келишимдерге басмырлоочу шарттарды белгилөөчү же колдоочу, анын ичинде товарларды сатып алуу жана (же) сатуу боюнча макулдашылган шарттарды белгилөөчү;
2) чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан бир эле товарга экономикалык, технологиялык жана башка жолдор менен негизделбеген ар түрдүү бааларды (тарифтерди) коюу;
3) башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге товардык рынокко кирүүгө же товардык рыноктон чыгууга тоскоолдуктарды жаратуучу;
4) кесипкөй же башка бирикмелерде мүчөлүк (катышуу) шарттарын белгилөө жөнүндө;
5) товарды сатууну негизсиз чектөө же токтотуу жөнүндө.
2-2. Жеке жана юридикалык жактарга ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө саналган кесепеттерге алып келүүгө жөндөмдүү, алып келүүчү же алып келген чарба жүргүзүүчү субъекттердин экономикалык ишин координациялоого тыюу салынат.
3. Чарба жүргүзүүчү субъект ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4, 6, 7- жана 10-пункттарында 2 жана 2-1-бөлүктөрүндө каралган ал тарабынан түзүлгөн макулдашуулардын ушул Мыйзамдын 7-2-беренесинин 1- жана 2-бөлүктөрүнө ылайык жол берилгендигин таанууга мүмкүн деп далилдерди берүүгө укуктуу.
4. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамына ылайык бир чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан бир учурда аткарууга жол берилбеген иштин түрүн жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда түзүлгөн макулдашууларды кошпогондо, эгерде чарба жүргүзүүчү субъекттердин бири тарабынан экинчи чарба жүргүзүүчү субъектке карата контролдоо белгиленген болсо, же мындай чарба жүргүзүүчү субъекттер бир адамдын контролунда турса адамдардын бир тобуна кирген чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда түзүлгөн келишимге карата колдонулбайт.
(КР 2022-жылдын 30-июнундагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5. Контроль деп ушул Мыйзамдын ушул беренесинде жана 7-1-беренесинде төмөнкүдөй бир же бир нече аракеттер аркылуу башка юридикалык жак тарабынан кабыл алынуучу чечимдерди жеке же юридикалык жактардын тикелей же кыйыр (юридикалык жак аркылуу же бир нече юридикалык жак аркылуу) аныктоо мүмкүнчүлүгү түшүнүлөт:
1) юридикалык жактын уставдык капиталын түзүүчү добуш берүүчү акцияларга (үлүш) туура келген добуштардын жалпы санынын 50 пайызынан ашыгын тескөө;
2) юридикалык жактын аткаруу органдарынын функциясын жүзөгө ашыруу.
6. Ушул берененин талаптары интеллектуалдык иштин натыйжасын же жарандык карым-катышка катышуучуларды жекелештирүү каражаттарын, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу укугун берүү жөнүндө жана (же) ажыратуу тууралуу макулдашууга карата колдонулбайт.
(КР 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 13-августундагы № 225, 2024-жылдын 7-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 21.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 августа 2024 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства", "О конкуренции")Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июня 2022 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О конкуренции", "О естественных монополиях в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 августа 2015 года № 225 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 января 2015 года № 22 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жүргүзүүчү субъекттердин атаандаштыкты чектөөчү макулдашуулары
1. алынып салынды: Эгерде горизонталдык макулдашуулар, анын ичинде багытталган кошулду: Чарба жүргүзүүчү субъекттер - атаандаштар, башкача айтканда бир товардык рынокто товарларды сатууну жүзөгө ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъекттер же бир товардык рынокто товарларды сатып алууну жүзөгө ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъекттер картель деп таанылат, эгерде мындай макулдашуулар атаандаштыкты чектөөгө алып алынып салынды: келсе, кошулду: келсе же алынып салынды: болбосо алып келиши алынып салынды: ыктымал болсо мындай кошулду: мүмкүн болсо, алардын ортосундагы горизонталдык макулдашууларга, анын ичинде төмөнкүлөргө багытталган макулдашууларга тыюу салынат:
1) бааларды (тарифтерди), … 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 13-августундагы № алынып салынды: 225 кошулду: 225, 2024-жылдын 7-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №364 "Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларды, (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, болтурбоо боюнча эрежени бекитүү…Постановление · 02.06.2012 · № 364
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контроль жүргүзүүнүн тартиби (Кыргыз…Порядок · 25.11.2024 · № 713
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 364 "Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларды…Постановление · 05.10.2016 · № 530
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 13.08.2015 · № 225
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203356/st-7" title="7-берене - Атаандаштык жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>