# 44-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин макулдашылган иш-аракеттеринин шарттары

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203356)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 мая 2026 года № 72 "О конкуренции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203356/edition/1236930/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 44-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-44

---

1. Төмөнкүдөй шарттардын жыйындысында канааттандырган товардык рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттердин аракеттери чарба жүргүзүүчү субъекттердин макулдашылган аракеттери болуп саналат, эгерде:

1) мындай аракеттердин натыйжалары чарба жүргүзүүчү субъекттердин ар биринин кызыкчылыктарына шайкеш келсе;

2) мындай аракеттерди аткаргандыгы жөнүндө эл алдында алардын биринин билдирүүсүнө байланыштуу аларга катышкан чарба жүргүзүүчү субъекттердин ар бирине күн мурунтан аракеттер белгилүү болсо;

3) рыноктун көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ар биринин аракеттери макулдашылган аракеттерге катышкан башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин аракеттеринен улам келип чыкса жана тиешелүү товардык рыноктогу бардык чарба жүргүзүүчү субъекттерге бирдей өлчөмдө таасир эткен жагдайлардын натыйжасы болуп саналбаса. Мындай жагдайлар, атап айтканда, жөнгө салынуучу тарифтердин өзгөрүүсү, товарды өндүрүү үчүн колдонулуучу чийки затка баалардын өзгөрүүсү, дүйнөлүк товардык рыноктордо товарга баалардын өзгөрүүсү, бир жылдан кем эмес же эгерде бул мөөнөт бир жылдан кемди түзүп, тиешелүү товар рыногу иштеген мөөнөт ичинде товарга болгон сурамдын олуттуу өзгөрүүсү болушу мүмкүн.

2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттердин аракеттери жазуу жүзүндөгү макулдашуунун бар экендигине карабастан макулдашылган деп таанылат.

(КР 2015-жылдын 21-январындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-43)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-5)
