Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
41-берене. Товардын монополиялык кымбат баасынын белгилери
Күчүн жоготкон · 21.05.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 мая 2026 года № 72.
1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект белгилеген баа товардын монополиялык кымбат баасы болуп эсептелсе, анын ичинде:
1) товардын мурда белгиленген баасын жогорулатуу аркылуу белгиленген баа саналат, эгерде мында жыйындысында төмөнкүдөй шарттар аткарылса:
а) товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл чыгымдар өзгөрүлбөгөн бойдон калса же алардын өзгөрүүсү товардын баасынын өзгөрүшүнө ылайык келбесе;
б) товар сатуучулардын же сатып алуучулардын курамы өзгөрүлбөгөн бойдон калса же товар сатуучулардын же сатып алуучулардын курамынын өзгөрүшү анча маанилүү эмес болуп саналса;
в) товардык рынокто, анын ичинде салык салууну, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууну кошуп алганда мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен шартталган товарды жүгүртүү шарттары өзгөрүүсүз калса же алардын өзгөрүүсү товардын баасынын өзгөрүшүнө шайкеш келбесе;
2) товардын мурда белгиленген баасын сактоо же төмөндөтпөө аркылуу, эгерде мында жыйындысында төмөнкүдөй шарттар аткарылса:
а) товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл чыгымдар олуттуу төмөндөсө;
б) товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамы товардын баасын төмөндөтүү жагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн шарттаса;
в) товардык рынокто, анын ичинде салык салууну, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууну кошуп алганда мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен шартталган товарды жүгүртүү шарттары товардын баасын төмөндөтүү жагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгү камсыз болсо.
2. 2. Товардын баасы салыштырма товардык рынокто атаандаштык шартында түзүлгөн баадан ашпаган, ошондой эле инновациялык иштин, башкача айтканда өз ара бирин-бири алмаштыра албаган жаңы товарды өндүрүүгө алып келүүчү иштин натыйжасы болуп саналган товар баасы учурда монополиялык жогору деп таанылбайт.
Эгерде салыштырма товардык рынокто, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары атаандаштык шартында түзүлгөн бааны аныктоого мүмкүн болбогон учурда чарба жүргүзүүчү субъекттин чыгымдарына жана пайдасына талдоо жүргүзүлөт жана товардын негизделген баасы аныкталат.
3. Монополиялык жогору бааны аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2022-жылдын 20-январындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 21.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге…Порядок · 07.08.2019 · № 404
- Монополиялык жогорку (төмөнкү) бааны аныктоо тартиби (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 529 токтомуна)Порядок · 27.09.2022 · № 529
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 529 "Монополиялык жогорку (төмөнкү) бааны аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.09.2022 · № 529
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203356/st-41" title="41-берене - Атаандаштык жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>