# 4-берене. Үстөмдүк абал

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203356)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 мая 2026 года № 72 "О конкуренции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства", "О конкуренции")](https://aqlex.ai/kg/doc/230014962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2024 [Закон КР от 7 августа 2024 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства", "О конкуренции")](https://aqlex.ai/kg/doc/230014962); 30.06.2022 [Закон КР от 30 июня 2022 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О конкуренции", "О естественных монополиях в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112385); 20.01.2022 [Закон КР от 20 января 2022 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О конкуренции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112345); 22.07.2019 [Закон КР от 22 июля 2019 года № 96 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О конкуренции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111943)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203356#diff=1236940..17678>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203356/edition/1236930/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203356/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 4-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-4

---

1. Чарба жүргүзүүчү субъекттин (жактардын тобунун) же бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттердин (жактардын топторунун) белгилүү бир товар рыногунда ошол чарба жүргүзүүчү субъектке (жактардын тобуна) же ошондой чарба жүргүзүүчү субъекттерге (жактардын топторуна) тийиштүү рынокто товарды жүгүртүүнүн жалпы шарттарына чечүүчү таасир этүүгө жана (же) ал рыноктон башка чарба жүргүзүүчү субъекттерди сүрүп чыгууга жана (же) башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин ал рынокко кирүүсүн кыйындатууга мүмкүндүк берген абалы үстөмдүк (монопсоникалык) абал деп таанылат.

2. Рынокто төмөнкүдөй чарба жүргүзүүчү субъекттин (финансылык уюмду кошпогондо) абалы үстөмдүк абал болуп таанылат:

1) тиешелүү рыноктогу үлүшү 35 пайызды түзсө же андан жогору болсо, эгерде монополияга каршы орган ушул Мыйзамдын бузулганы тууралуу ишти кароодо же экономикалык концентрацияны мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашырууда көрсөтүлгөн чоңдуктан ашып кеткенине карабастан, чарба жүргүзүүчү субъекттин товардык рыноктогу абалы үстөмдүк абалда болуп саналбаганы белгиленбесе;

2) тиешелүү товардын рыногундагы үлүшү 35 пайыздан аз болсо, эгерде ошол чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүк абалы монополияга каршы орган тарабынан белгиленсе, товардык рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттин ошол товардык рыноктогу анын атаандаштарынын үлүшүнүн салыштырмалуу өлчөмүнө караганда өзгөрбөгөн же бир аз гана өзгөргөн болсо жана эгерде мында жыйындысында төмөнкүдөй шарттар сакталса:

а) чарба жүргүзүүчү субъекттин товардын баасынын деңгээлин бир тараптуу тартипте аныктоого жана тийиштүү товардык рынокто товарды сатуунун жалпы шарттарына чечүүчү таасир тийгизүүгө мүмкүндүгү бар болсо;

б) жаңы атаандаштардын тиешелүү товардык рынокко жеткиликтүүлүгү, анын ичинде экономикалык, технологиялык, администрациялык чектөөлөрдүн кесепетинен татаал болсо;

в) чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан сатылуучу же сатып алынуучу товар керектөөдө (анын ичинде өндүрүштүк максатта керектөөдө) башка товар менен алмаштырылышы мүмкүн эмес болсо;

г) товардын баасын өзгөртүү бул товарга суроо-талаптын ушундай өзгөртүүгө ылайык төмөндөшүн шарттабаса.

3. Ар бир чарба жүргүзүүчү субъекттин же бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттердин (финансылык уюмдарды кошпогондо) ага карата жалпысынан төмөнкүдөй шарттар аткарылуучу абалы үстөмдүк кылуучу абал деп таанылат:

1) үчтөн ашпаган чарба жүргүзүүчү субъекттердин жыйынды үлүшү 50 пайыздан ашса, мында алардын ар биринин үлүшү бул рыноктогу башка субъекттердин үлүшүнөн көп болсо, же бештен ашпаган чарба жүргүзүүчү субъекттердин жыйынды үлүшү 70 жана андан ашык пайызды түзсө, мында алардын ар биринин үлүшү тиешелүү рыноктогу башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүштөрүнөн көп болсо (эгерде көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттердин жок дегенде биринин үлүшү 10 пайыздан аз болсо, ушул жобо колдонулбайт);

2) узак мезгил аралыгында (бир жылдан кем эмес аралыкта же эгерде мындай мөөнөт бир жылдан аз болсо, тиешелүү рыноктун иштөө мөөнөтүндө) чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүштөрүнүн салыштырмалуу өлчөмдөрү өзгөрүлбөсө же анча маанилүү эмес өзгөрүүлөргө дуушар болсо, ошондой эле жаңы атаандаштардын тиешелүү товардык рынокко кирүүсү кыйын болсо;

3) мындай чарба жүргүзүүчү субъекттер (рынок субъекттери) тарабынан сатылуучу же сатып алынуучу товар керектелгенде (анын ичинде өндүрүштүк максаттарда керектелгенде) башка товар менен алмаштырылбаса, товардын баасынын өсүшүнүн бул товарга суроо-талаптын төмөндөшүнүн мындай деңгээлине ылайыктуулугу шартталбаса, тиешелүү товардык рынокто бул товардын баасы, жактардын белгисиз чөйрөсү тарабынан сатуу же сатып алуу шарттары жөнүндө маалымат жеткиликтүү болсо.

4. Табигый монополия абалындагы товардык рынокто табигый монополиянын субъекти болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттин абалы үстөмдүк абал деп таанылат.

5. Финансылык уюмдардын (иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган финансылык уюмдарды кошпогондо) абалы үстөмдүк абал болуп таанылат, эгерде:

1) финансылык уюмдун тийиштүү финансылык рыноктогу үлүшү 35 же андан ашык пайызды түзсө;

2) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү рыногундагы эң көп үлүш таандык болгон эки финансылык уюмдун жыйынды үлүшү алардын иши жактардын тобу жана (же) аффилирленген жактар жана (же) атаандаштыкты чектөө белгилери табылган катары далилденген шарттарда 50 же андан көп пайызды түзсө;

3) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү рыногундагы эң көп үлүш таандык болгон үч финансылык уюмдун жыйынды үлүшү алардын иши жактардын тобу жана (же) аффилирленген жактар жана (же) атаандаштыкты чектөө белгилери табылган катары далилденген шарттарда 70 же андан көп пайызды түзсө.

6. Чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүк абалын белгилөөдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте атаандаштык чөйрөсүнүн абалына баалоо жүргүзөт.

Атаандаштык чөйрөнүн абалын баалоонун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт жана жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген, чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте туруктуу экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүү жана контролдоо зонасында турат. Кыргыз Республикасынын товардык рынокторундагы атаандаштыктын абалы жана алар үчүн атаандаштык эрежелеринин бузулушуна бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө жылдык отчет Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берилет жана Интернет тармагында монополияга каршы органдын расмий сайтына жайгаштырылат. (КР 2019-жылдын 22-июлундагы № 96, 2022-жылдын 20-январындагы № 8, 2022-жылдын 30-июнундагы № 52, 2024-жылдын 7-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-3)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-41)
