# 3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203356)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 мая 2026 года № 72 "О конкуренции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства", "О конкуренции")](https://aqlex.ai/kg/doc/230014962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2024 [Закон КР от 7 августа 2024 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства", "О конкуренции")](https://aqlex.ai/kg/doc/230014962); 28.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521); 30.06.2022 [Закон КР от 30 июня 2022 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О конкуренции", "О естественных монополиях в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112385); 20.01.2022 [Закон КР от 20 января 2022 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О конкуренции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112345); 22.07.2019 [Закон КР от 22 июля 2019 года № 96 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О конкуренции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111943); 13.08.2015 [Закон КР от 13 августа 2015 года № 225 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111269); 21.01.2015 [Закон КР от 21 января 2015 года № 22 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205450)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203356#diff=1236940..17678>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203356/edition/1236930/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203356/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 3-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-3

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: (абзац КР 2015-жылдын 13-августундагы № 225 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) жеке же юридикалык жактын аффилирленген жагы:

- тикелей же кыйыр чечимдерди аныктоого же ошол жак тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге, анын ичинде келишимдин (оозеки келишимди кошкондо) же башка бүтүмдүн күчүнө таасир тийгизүүгө укугу бар ар кандай жеке же юридикалык жак (өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын алкактарында анын ишине контролдукту жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарды албаганда), ошондой эле ушул аффилирленген жак өзүнө карата ушундай эле укуктарга ээ болгон ар кандай жеке же юридикалык жак;

- юридикалык жактын аффилирленген жагы болуп анын аткаруучу кызматтык адамдары, анын добуштук акцияларынын (салымынын, үлүшүнүн) 10 же андан ашык пайызына ээ болгон (ачык акционердик коомдор үчүн - 5 жана андан ашык пайыз) акционер (катышуучу) же ар кандай ишкана да таанылат;

өз ара алмаштырылуучу товарлар - алардын функциялык арналышы, колдонулушу, сапаттык жана техникалык мүнөздөрү, баасы жана башка параметрлери боюнча салыштырууга болуучу, сатып алуучу керектөө (өндүрүү) процессинде бирин бирине алмаштыруучу же алмаштыра алуучу товарлардын тобу; (абзац КР 2019-жылдын 22-июлундагы № 96 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) кодулоочу же өзгөчө шарттар - рынокко жетүүнүн шарттары, товар өндүрүүнүн, алмашуунун, керектөөнүн, алуунун, сатуунун, башкача жолдор менен берүүнүн шарттары мында чарба жүргүзүүчү субъект же бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттер башка чарба жүргүзүүчү субъектке (субъекттерге) салыштырганда тең абалга коюлбайт; атаандаштык - рынокто чарба жүргүзүүчү субъекттердин эркин мелдешүүчүлүк мында алардын өз алдынча аракеттери тиешелүү рынокто товарларды жүгүртүүнүн жалпы шарттарына бир тараптуу таасир көрсөтүүсүнө болгон, алардын ар биринин мүмкүнчүлүгүн чектеген жана керектөөчү талап кылган товарларды өндүрүүгө дем берет; контрагент - бүтүмдүн башка катышуучусуна каршы турган келишимдин катышуучусу, өнөктөш; монополия - бир эле жакка, жактардын тобуна же мамлекетке таандык болгон өндүрүштүн, алуунун, соода жүргүзүүнүн, алмаштыруунун өзгөчө укугу (мүмкүндүгү) менен аныкталган рыноктун абалы; монополисттик иш - чарба жүргүзүүчү субъекттин, жактардын тобунун өзүнүн үстөмдүк абалын кыянат пайдалануусу, монополияга каршы мыйзамга каршы келген макулдашуулар же макулдашылган аракеттер, чарба жүргүзүүчү субъекттердин (жактардын тобунун), мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга багытталган аракеттери (аракетсиздиги); монополиялык жогорку баа - үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан белгиленген товардын баасы, эгерде бул баа мындай товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгашалардын жана пайданын суммасынан жана товарды сатып алуучулардын же сатуучулардын курамы, товарды жүгүртүү шарттары, товардык рынокко чыгуу шарттары, мамлекеттик жөнгө салуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мындай рынок болгондо салык салуу, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу боюнча салыштырылуучу товардык рынокто (мындай ары - салыштырылуучу товардык рынок) атаандаштык шартында түзүлгөн баадан ашкан болсо. Кыргыз Республикасынын табигый монополиялар жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталган ушул товарга тарифтин чегинде табигый монополиянын субъекти тарабынан белгиленген баа монополиялык жогорку баа деп тааныла албайт; монополиялык төмөн баа - үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан белгиленген товардын баасы, эгерде бул баа мындай товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгашалардын жана пайданын суммасынан төмөн болсо жана Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мындай рынок болгондо, салыштырылуучу товардык рыноктогу атаандаштык шарттарында түзүлгөн баадан төмөн болсо; кара ниет атаандаштык - чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишкердик жүргүзүүдө артыкчылыкты алууга багытталган, ушул Мыйзамдын жоболоруна, иш жүргүзүүнүн саптарына, ак ниеттиктин, акылга сыйбаган жана адилеттиктин талаптарына каршы келген жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге - атаандаштарга, же алардын ишмердик беделине зыян келтириши мүмкүн болгон же зыян келтирген ар кандай аракеттер; атаандаштыкты чектөөнүн белгилери - рынокто жактардын бир тобуна кирбеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин санын кыскартуу, рынокто товарды жүгүртүүнүн башка жалпы шарттарынын тиешелүү өзгөртүүлөрү менен байланышпаган рынокто товар баасынын өсүшү же төмөндөөсү; жактардын бир тобуна кирбеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин рынокто өз алдынча аракеттерден баш тартуусу; чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда өз ара макулдашуу же алар аткарууга милдеттүү болгон башка жактын көрсөтмөсү менен же жактардын бир тобуна кирбеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин аз аракеттерин макулдашуусунун натыйжасында рынокто товарды жүгүртүүнүн жалпы шарттарын аныктоо; ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъект же бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн рынокто товар жүгүртүүнүн жалпы шарттарына бир тараптуу таасир этүүгө мүмкүн түзгөн жагдайлар; региондук (жергиликтүү) товар рыногу - региондун аймагында же анын бөлүгүндө сатып алуучунун экономикалык мүмкүнчүлүгүнө негизделген тиешелүү аймакта же анын бөлүгүндө же анын чегинен тышкары мындай мүмкүнчүлүктүн жоктугунан товарды алууга аныкталган товарды (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жүгүртүү чөйрөсү; республикалык товар рыногу - Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жүгүртүү чөйрөсү; рынок (товардык рынок) - башка товар менен алмашууга болбогон товарды же бирин-бирин алмаштыруучу товарларды жүгүртүү чөйрөсү, анын чегинде (анын ичинде географиялык чегинде) экономикалык, техникалык же башка мүмкүндүктөрдөн же болбосо максатка ылайыктуулуктан улам кардар товарды сатып ала алат жана анын чегинен тышкары мындай мүмкүндүк же болбосо максатка ылайыктуулук жок болот; рыноктун күчү - чарба жүргүзүүчү субъекттин жана/же жактардын тобунун рынокто атаандаштыктын чектелишине жана/же орчундуу өзгөрүүлөргө алып келген аракеттери (аракетсиздиги); макулдашуу - документте же бир нече документтерде камтылган жазуу жүзүндөгү келишим, ошондой эле оозеки түрүндөгү келишим; монополисттик ишти туруктуу жүзөгө ашыруу - чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары менен белгиленген тартипте аныкталган бир жылдын ичинде эки жолудан ашуун эмес монополисттик иштин жүзөгө ашырылышы; товар - сатууга, алмашууга же башка жүгүртүүгө киргизүүгө арналган жарандык укуктардын (анын ичинде жумуш, кызмат көрсөтүү анын ичинде финансылык кызмат көрсөтүү) объекти; ыйгарым укуктуу орган - атаандаштыкты өнүктүрүү, чектөө монополисттик ишке жана кара ниет атаандаштыкка бөгөт коюу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик монополияга каршы орган;

чарба жүргүзүүчү субъект - юридикалык жактарды каттоо жана лицензиялык-уруксат берүү тутумунун чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик каттоого жана (же) лицензияланууга тийиш болгон, өзүнө киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырган коммерциялык уюм жана коммерциялык эмес уюм чет өлкөлүк юридикалык жактар, ошондой эле киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырган, салык мыйзамдарына ылайык катталган жеке ишкер;

экономикалык концентрация - жүзөгө ашырылышы атаандаштыктын абалына таасир этүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттин бүтүмдөрү, башка иш аракеттери; экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүү - Кыргыз Республикасынын товардык рыногунда үстөмдүк абалды ээлеген, чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген жана үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин иши жөнүндө маалыматтарга статистикалык байкоо жана экономикалык талдоо жүргүзүү, чарба жүргүзүүчү субъекттердин иштеринин абалына жана келечегине баа берүү;

(абзац КР 2024-жылдын 7-августундагы № 162 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

вертикалдуу макулдашуу - бири товарды алуучу же потенциалдуу сатып алуучу болгон, ал эми экинчиси товарды берүүчү же аны потенциалдуу сатуучу болгон чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы макулдашуу; горизонталдык макулдашуулар - бир товардык рынокто товарларды сатууну жүзөгө ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы же бир товардык рыноктон товарларды сатып алууну жүзөгө ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы макулдашуу; Кыргыз Республикасынын товардык рыногунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестри - табигый монополия абалындагы рынокторду кошпогондо, тийиштүү товардык рынокто үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин тизмеги; мамлекеттик же муниципалдык преференциялар - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары айрым чарба жүргүзүүчү субъекттерге артыкчылыктарды бериши, бул аларга мамлекеттик же муниципалдык мүлктү, жарандык укуктун башка объекттерин берүү аркылуу, же болбосо мүлктүк жеңилдиктерди, мамлекеттик же муниципалдык кепилдиктерди берүү аркылуу иштин пайдалуу шарттарын камсыз кылат; жактардын тобу - жеке жана (же) юридикалык жактардын жыйындысы; экономикалык иштерди координациялоо - чарба жүргүзүүчү субъекттердин бир дагы тобуна кирбеген жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин иши макулдашылуучу товардык рынокто (товардык рыноктордо) ишин жүргүзбөгөн үчүнчү жак тарабынан мындай чарба жүргүзүүчү субъекттердин аракеттерин макулдашуу. Вертикалдуу макулдашуулардын алкагында жүзөгө ашырылуучу чарба жүргүзүүчү субъекттердин иш-аракеттери экономикалык ишти координациялоо болуп саналбайт; финансылык кызмат көрсөтүүнүн атаандаштык баасы - бул баа, ал боюнча финансылык кызмат көрсөтүү атаандаштык шарттарда берилиши мүмкүн; финансылык кызмат көрсөтүүнүн негизсиз жогорку баасы, финансылык кызмат көрсөтүүнүн негизсиз төмөн баасы - үстөмдүк абалды ээлеген финансылык уюм белгилеген, финансылык кызмат көрсөтүүнүн атаандаштык баасынан орчундуу айырмаланган жана (же) башка финансылык уюмдарга товардык рынокко чыгууну татаалдаткан жана (же) атаандаштыкка терс таасирин тийгизген финансылык кызмат көрсөтүүнүн же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы; финансылык кызмат көрсөтүү - банктык кызмат көрсөтүү, камсыздандыруучу кызмат көрсөтүү, баалуу кагаздар рыногундагы кызмат көрсөтүү, лизинг келишими боюнча кызмат көрсөтүү, ошондой эле финансылык уюм көрсөтүүчү жана юридикалык жана жеке жактардын акча каражаттарын тартууга жана (же) жайгаштырууга байланышкан кызмат көрсөтүү; финансылык уюм - финансылык кызмат көрсөтүүчү юридикалык жак.

картель - өндүрүштүн көлөмү, баалар, сатуу рыногундагы үлүшү жана башкалар боюнча бардык катышуучулар үчүн милдеттүү шарттар белгиленүүчү бир тармактагы чарба жүргүзүүчү субъекттердин бирикмеси. Картелдик макулдашууга кирип жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттер өздөрүнүн юридикалык жана чарбалык өз алдынчалыгын сактап калышат.

(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 13-августундагы № 225 , 2019-жылдын 22-июлундагы № 96, 2022-жылдын 20-январындагы № 8, 2022-жылдын 30-июнундагы № 52, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44, 2024-жылдын 7-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-2-1)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-4)
