# 21-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши жөнүндө

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203356)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 мая 2026 года № 72 "О конкуренции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203356/edition/1236930/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203356/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 21-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-21

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1487-ХII Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 163-ст.);

- "Монополиялык ишке чек коюу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" 2003-жылдын 6-мартындагы № 55 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 5, 221-ст.);

- "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" 2003-жылдын 1-августундагы № 164 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-жыл № 11, 505-ст.);

- "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 134 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 356-ст.);

- "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1488-ХII токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл № 5, 164-ст.).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- ушул Мыйзамдан келип чыккан тиешелүү мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | Р. Отунбаева |

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-20)
