# 2-берене. Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203356)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 мая 2026 года № 72 "О конкуренции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства", "О конкуренции")](https://aqlex.ai/kg/doc/230014962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2024 [Закон КР от 7 августа 2024 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства", "О конкуренции")](https://aqlex.ai/kg/doc/230014962); 13.08.2015 [Закон КР от 13 августа 2015 года № 225 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111269)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203356#diff=1236940..17678>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203356/edition/1236930/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203356/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 2-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-2

---

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында колдонулат жана ар кандай юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк юридикалык жактар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү менен байланышкан мамилелерге жайылтылат. Монополияга каршы мыйзамдардын колдонулушу чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата алардын уюштуруу-укуктук формасына жана мында чарба жүргүзүүчү субъекттерге катталган жерине карабастан окшош түрдө жана бирдей ченемде жүзөгө ашырылат. Ушул Мыйзамдын жоболору ата мекендик жана/же чет өлкөлүк жактардын же болбосо уюмдардын ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жетишилген макулдашууларга, ошондой эле эгерде мындай макулдашуулар же аракеттер Кыргыз Республикасынын аймагындагы атаандаштыктын абалына таасир этсе, алар жасаган аракеттерге карата колдонулат. Мындай бузуулар эл аралык уюмдар менен иштөөнүн алкагында эки тараптуу макулдашууларды түзүү жолу, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн башка ыкмалары менен монополияга каршы орган тарабынан каралат. Ушул Мыйзамдын ченемдери транс аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелери менен жөнгө салынган мамилелерге жайылтылбайт, алардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Евразия экономикалык комиссиясынын компетенциясында турат. (КР 2015-жылдын 13-августундагы № 225, 2024-жылдын 7-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-1)  
Кийинки берене: [2-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-2-1)
