2-берене. Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Күчүн жоготкон · 21.05.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 мая 2026 года № 72.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 августа 2024 года № 162
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында колдонулат жана ар кандай юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк юридикалык жактар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү менен байланышкан мамилелерге жайылтылат. Монополияга каршы мыйзамдардын колдонулушу чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата алардын уюштуруу-укуктук формасына жана мында чарба жүргүзүүчү субъекттерге катталган жерине карабастан окшош түрдө жана бирдей ченемде жүзөгө ашырылат. Ушул Мыйзамдын жоболору ата мекендик жана/же чет өлкөлүк жактардын же болбосо уюмдардын ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жетишилген макулдашууларга, ошондой эле эгерде мындай макулдашуулар же аракеттер Кыргыз Республикасынын аймагындагы атаандаштыктын абалына таасир этсе, алар жасаган аракеттерге карата колдонулат. Мындай бузуулар эл аралык уюмдар менен иштөөнүн алкагында эки тараптуу макулдашууларды түзүү жолу, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн башка ыкмалары менен монополияга каршы орган тарабынан каралат. Ушул Мыйзамдын ченемдери транс аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелери менен жөнгө салынган мамилелерге жайылтылбайт, алардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Евразия экономикалык комиссиясынын компетенциясында турат. (КР 2015-жылдын 13-августундагы № 225, 2024-жылдын 7-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 21.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 августа 2024 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства", "О конкуренции")Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 августа 2015 года № 225 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бүтүндөй аймагында колдонулат жана ар кандай юридикалык жана жеке кошулду: жактар, анын ичинде чет өлкөлүк юридикалык жактар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу … жерине карабастан окшош түрдө жана бирдей ченемде жүзөгө ашырылат.
кошулду: Ушул Мыйзамдын жоболору ата мекендик жана/же чет өлкөлүк жактардын же болбосо уюмдардын ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жетишилген макулдашууларга, ошондой эле эгерде мындай макулдашуулар же аракеттер Кыргыз Республикасынын аймагындагы атаандаштыктын абалына таасир этсе, алар жасаган аракеттерге карата колдонулат. Мындай бузуулар эл аралык уюмдар менен иштөөнүн алкагында эки тараптуу макулдашууларды түзүү жолу, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн башка ыкмалары менен монополияга каршы орган тарабынан каралат.
Ушул Мыйзамдын ченемдери транс аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелери менен жөнгө салынган мамилелерге жайылтылбайт, алардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Евразия экономикалык комиссиясынын компетенциясында турат.
(КР 2015-жылдын 13-августундагы № алынып салынды: 225 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 225, 2024-жылдын 7-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203356/st-2" title="2-берене - Атаандаштык жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>