# 182-берене. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун белгилерин камтыган иш-аракеттерди (аракетсиздикти) токтотуу жөнүндө эскертүү

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203356)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 мая 2026 года № 72 "О конкуренции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203356/edition/1236930/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 182-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-182

---

1. Атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө, четтетүүгө жана/же ишкердик чөйрөсүндөгү башка жактардын (чарба жүргүзүүчү субъекттердин) кызыкчылыктарын кысымга алып келүүчү же болбосо керектөөчүлөрдүн белгисиз чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын кысымга алып келүүчү же алып келүүсү ыктымал болгон аракеттерге (аракетсиздиктерге) бөгөт коюу максатында, ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 3-6, 9, 10, 13-пункттарын, 8 жана 9-беренелерин бузган белгилери аныкталган учурда монополияга каршы орган мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө катышуучу чарба жүргүзүүчү субъектке, мамлекеттик органга, өз алдынча башкаруу органына жана башка уюмдарга жазуу жүзүндө эскертүү берет.

2. Монополияга каршы орган тарабынан ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 3-6, 9,10, 13-пункттарын, 8 жана 9-беренелерин бузгандыгы жөнүндө ишти кароо тууралуу чечимди эскертүү бербестен жана аны аткаруу мөөнөтү бүткөнгө чейин кабыл алууга жол берилбейт.

3. Монополияга каршы мыйзамдарды бузгандыгы жөнүндө ишти кароо учурунда ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 3-6, 9, 10, 13-пункттарын, 8 жана 9-беренелерин бузган белгилери аныкталган жана алар мындай иш каралып жаткан мезгилинде белгилүү болбогон учурда, бул ишти кароодо монополияга каршы орган тарабынан эскертүү берилет.

(КР 2022-жылдын 20-январындагы № 8 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [181-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-181)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-19)
