# 13-берене. Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (бөлүп чыгаруу)

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203356)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 мая 2026 года № 72 "О конкуренции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203356/edition/1236930/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203356/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 13-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-13

---

1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъект тарабынан монополиялык ишти такай жүзөгө ашырган учурда монополияга каршы орган мындай уюмдарды мажбурлап бөлүү жөнүндө же болбосо алардын курамынан бир же бир нече уюмду бөлүп чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Мажбурлап бөлүүнүн натыйжасында түзүлгөн уюмдар жактардын бир тобуна кире албайт.

2. Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү же бөлүп чыгаруу чечими төмөнкүдөй бир же бир нече шарттар болгондо кабыл алынат:

1) рынокто атаандаштыктын өнүгүүсүнө алып келсе;

2) уюмдун түзүмдүк бөлүктөрүн өзүнчө бөлүүгө мүмкүнчүлүк болсо;

3) уюмдун түзүмдүк бөлүктөрүнүн технологиялык жактан шартталган өз ара байланышы жок болсо;

4) өзгөртүп уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн юридикалык жактар үчүн тийиштүү рынокто өз алдынча иштөөгө мүмкүндүк бар болсо.

3. Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү же бөлүп чыгаруу жөнүндө чечим ал чечимде каралган талаптарды эске алуу менен жана ошол чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө, ал мөөнөт үч айдан кем болушу мүмкүн эмес, менчик ээси же ыйгарым укуктуу орган тарабынан аткарылууга жатат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-14)
