# 12-берене. Чарбакер субъекттердин акцияларын (уставдык капиталдагы үлүштөрүн) сатып алууда монополияга каршы мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контроль

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203356)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 мая 2026 года № 72 "О конкуренции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июня 2022 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О конкуренции", "О естественных монополиях в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112385)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203356#diff=1236938..1236939>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203356/edition/1236930/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203356/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 12-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-12

---

1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин ошол эле товар рыногунда иштеген башка чарбакер субъекттин акцияларын (уставдык капиталдагы үлүштөрүн) алуусу, ошондой эле үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин акцияларынын контролдук пакетин (уставдык капиталдагы үлүштөрүн) каалаган юридикалык жактын же жарандын сатып алуусу монополияга каршы органдын алдын ала макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

Ушул берененин максаты үчүн акциялардын, пайлардын, катышуу үлүштөрдүн контролдук пакети деп акционерлердин, уюштуруучулардын, пайчылардын жалпы чогулуштарында чечим кабыл алууда добуштардын 50 пайыздан ашыгын түз жана кыйыр камсыз кылуучу сан түшүндүрүлөт.

2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү түзүү үчүн ыйгарым укуктуу жак монополияга каршы органга аларды түзүүгө макулдук берүү жөнүндө өтүнүч катты жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде бекиткен тартипке ылайык маалыматты берет.

3. Эгерде өтүнүчтү канааттандыруу чарбакер субъекттин (жактардын тобунун) үстөмдүк абалынын пайда болушуна же күчөшүнө жана анын натыйжасында атаандаштыктын чектелишине алып келиши мүмкүн болсо, же чечим кабыл алуу үчүн маанилүү маалымат туура эмес берилсе, өтүнүч четке кагылышы мүмкүн.

4. Ушул беренеде белгиленген тартипти бузуу менен түзүлгөн, үстөмдүк абалдын пайда болушуна же күчөшүнө жана анын натыйжасында атаандаштыктын чектелишине алып келүүчү бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жараксыз деп таанылат.

(КР 2022-жылдын 30-июнундагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-13)
