# 11-берене. Экономикалык концентрацияга мамлекеттик контролдоо

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203356)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 мая 2026 года № 72 "О конкуренции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 января 2022 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О конкуренции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112345)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203356#diff=1236937..1236938>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203356/edition/1236930/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203356/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 11-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-11

---

1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин пайда болуусун жана (же) атаандаштыкты чектөөнүн алдын алуу максатында монополияга каршы орган тарабынан төмөнкү учурларда мамлекеттик контроль жүргүзүлөт:

1) чарба жүргүзүүчү субъекттерди (алардын бирикмелерин) бириктирүү, кошуу, өзгөртүп түзүү жолдору менен кайра уюштурууда;

2) акциялардын (уставдык капиталда катышуу үлүшү) 5 пайыздан ашыгы мамлекетке таандык чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүдө;

3) ушул Мыйзамдын 3 жана 5-беренелерине ылайык, катышуучулары алар менен аффилирленген жактар жана/же жактардын тобу болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүдө;

4) мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды түзүүдө, жоюуда жана бириктирүү, кошуу жолу менен кайра уюштурууда.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда чарба жүргүзүүчү субъектти түзүү, жоюу жана бириктирүү, кошуу, өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алууда монополияга каршы органдын макулдугун алуулары зарыл.

Монополияга каршы органдын макулдугун алууга документтер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипке ылайык берилет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган чарба жүргүзүүчү субъекттер түзүлгөн, жоюу жана бириктирүү, кошуу, өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштурулган учурларда, аларды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) монополияга каршы органдын алдын ала макулдугу менен гана каттоо органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган чарба жүргүзүүчү субъекттерди каттоо (кайра каттоо) монополияга каршы органдын алдын ала макулдашуусуз каттоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылса, жараксыз деп таанылат же токтотулат.

(КР 2022-жылдын 20-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203356/st-12)
