# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203354)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 19-июлу № 114 "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203354/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4393/edition/384795/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203354/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 5-берене (19.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203354/st-5

---

Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга;

2) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза кечирим берүү тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдарга;

3) өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштарды жасаган адамдарга;

4) Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар деп табылган адамдарга;

5) ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды албаганда, кылмыш жасаган жана качып жүргөн издөөдөгү адамдарга;

6) жазык жоопкерчилигинен бошотуу бөлүгүндө аларга карата мурда мунапыс же кечирим берүү актылары колдонулган жана кайрадан атайлап кылмыш жасаган адамдарга;

7) уюшулган кылмыштуу топтун (УКТ), уюшулган кылмыштуу жамааттын (УКЖ) курамында кылмыш жасаган адамдарга.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203354/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203354/st-6)
